7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга COVID-19дун кооптуу түрүнө каршы туруу чаралары кабыл алынды

387

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.
Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.


Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388