Ушул жылдын 1-майынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга киргенде ПЧР тестинин же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, чет мамлекетке учуу алдында бара турган өлкөнүн элчилигинен, авиакомпаниядан же авиабилет сатып алуу учурунда кассадан тактап алууңуздар зарыл.