7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стоять! Стрелять буду! Мы при исполнении! Мы, сотрудники!

1239

Жайлоодогу эс алуучулардын жол жээгинде токтоп турган унаасын сүзүп, аларды атып салам деп коркуткан бейбаштар изделүүдө.

Окуя, 23-майда эртең мененки 09:30дар чамасында Аламүдүн районунун аймагындагы Чункурчак жайлоосунда катталгандыгын эс алуу жайдын администратору билдирди. Анын маалыматына караганда жол жээгинде токтоп турган «Lexus GX 470 унаасын» Тойота Камринин айдоочусу сүзүп алган. Унаа ээлеринин сүйлөшүүсү учурунда келтирилген материалдык зыянды калыбына келтирип бергиси келбеген Камридегилер жабыр тарткан тарапка кол салып, администраторун ур-токмокко алып, эс алуу жайынын эшигин талкалашкан.

 

 

Күбөлөрдүн айтымында Камринин айдоочусу менен жүргүнчүсү мас абалында болушкан. Унаада тагылып турган 08kg 015 AEZ мамлекеттик номерде “коопсуз шаар” камералары боюнча 17 жолу жол кыймылынын эрежелерин бузуп, азыркы күндө жалпы суммасы 32 миң айып пул карызы бар экендиги жазылып турат.

Ошондой эле унаа күрөөдө тургандыгын байкоого болот.

Эки бейбаштын айынан келтирилген зыян боюнча эс алуу жайдын админстратору Аламүдүн РИИБисине арыз жазгандыгы, учурда Тойота камринин айдоочусу менен жүргүнчүсү изделип жаткандыгы маалым болду.

Өздүк булактардын билдирген маалыматы боюнча 08kg 015 AEZ мамлекттик номердеги унаа 28 жаштагы Бегназаров Фархат Нурбекович аттуу Бишкектик тургунга таандык. Ал эми интернеттеги ачык булактарда так эле ушундай наамдагы адам 2021-жылдын февраль айындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо Свердлов району боюнча дептутаттыкка аттанган талапкердин ишенимдүү өкүлү болуп катталгандыгы БШКнын сайтында турат.

Эгерде жогорудагы эки жигиттер тууралуу маалымат билсеңиздер 102ге же Аламүдүн РИИБсине маалымдап коюуңуздарды өтүнөбүз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240