7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 кап күрүч табылды

567

Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан күрүч аткезчилигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы чек ара тилкесинде 1992-жылы туулган А.А. аттуу КР жараны башкаруусундагы мамлекеттик Z0475A номурлуу Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кармалды. Көрсөтүлгөн унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк коңшу өлкөдөн Кыргызстанга алып келинген, салмагы болжол менен 2000 кг болгон 80 кап (лазер сортундагы) күрүч табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 450 миң сомдон жогору бааны түзөт. Товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келинген.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568