7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызым кылым мурун кыйналганда түрк боордошу кол сунган. 1911-жылы Ала-Тоого алаамат салган зилзала

775

Түркиядагы жер титирөө… Канабайрам салгандай урандынын чаңы сапырылган көчөлөр, уюган таштан да бекем деген имараттардын кыйрап жатканы, түп орду менен оодарылып калган дубалдын кычыгынан чекесиндеги сызылган канды сүрүп чыгып келе жаткан бөбөк. Нес абалда жарык издеп, араң кыймылдап жатканы даана байкалып турат. Бул соңку он жылдыктагы эң ири зилзалааны башынан кечирген боордош Түркиянын азыркы абалы. Ушул көрүнүш адамзатты бир селт эттирди.

Дүйнө эли жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга колун сунуп, көмөгүн көргөзө баштады. Тектеш эл катары түрк өлкөлөрүнөн да алгачкы жардамдар келгени кабарланууда.

Кыргызстан да суук кабар тараган алгачкы мүнөттөн тарта тилектештигин билдирип, колунан келишинче мамлекеттик жардам көрсөтө турган болду. Кырсыкка кабылган боордошторго кыргыз бийлигинин ыкчам аракетин колдоого алган кыргызстандыктар арбын экенин интернеттен байкап жатам. Бул жөн эле дипломатия эмес, бул нагыз боордоштук, бир туугандык жана адамгерчилик. Мындай жан ачып жардам берүү бүгүн эле чыга калган жок.

Узун тизме кылып саноого болот. Ошонун ичинен кыргыз калкы оор күндө турганда түрк туугандардын нар көтөргүс жардамы болгон. Сөз 1911-жылдагы чоң зилзала тууралуу болуп жатат. Анын очогу азыркы Кемин тарап болгону айтылып жүрөт. Эл катуу үрөйү учуп калганданбы уккан кишинин жакасын кармата турган кептер ушул күндөргө чейин жетти. Анда жер титирөөнүн ушунчалык катуу болгонунан жер ачылып, кайра жабылганы, жердин жараңкасына бодо малдар түшүп кеткени, көл кылаасында боору көчкөн адырлар болгону айтылып келет. Дал ошол апаатта түрк боордоштор кыргызга кол сунганын архив тастыктады. Эмесе сөз башынан болсун.

6-февраль таңга жуук Түркия менен Сирия чек араларында 7.7 баллдагы жер титирөө катталып миңдеген адам өмүрү кыйылды. Түркиянын соңку маалыматтары боюнча өлгөндөрдүн саны 4300гө жакындап, жаралуулар 15 миңге чукулдаган. Ондогон имараттар, үйлөр кыйрап калган. Түркия өкмөтү жер титирөө катталгандан кийин дароо сырттан жардамдар кабыл алынаарын жарыялаган. Мындан көп өтпөй чет өлкөлүк алгачкы жардамдар, куткаруучулар келишкени кабарланууда.

Бул учурда кыргыз бийлиги да керектүү каражат жана куткаруучулар тобун жөнөтүүнү пландап жатат. Алды ишке ашты. Боордош элдин башына караан күн түшкөндө жардамга чуркоо жакшы жышаан. Бул туугандык гана эмес, адамдык да парз экендигин унутпашыбыз абзел.

1911-жылдын январь айындагы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү жер титирөөдө көптөгөн адамдар өлүп, үй-жайсыз калышканда ошол мезгилдин шартына карабай Осмон түрктөрү жардам көргөзүшкөн. Бүгүнкү жер титирөөгө кыргыздардын бере турган жардамы бир мезгилдеги жакшылыкка жакшылык менен кайтарган жообу. Эсептен мурун туугандыгыбыз.

1911-жылы 4-январда Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл аймагында катуу жер титирөө болуп, күчү 8-10 баллга жеткендиги айтылат. Ал мезгилде көпчүлүк боз үйдө жашагандыгы үчүн дубал басып калыптыр деген жокко эсе болсо керек. Бирок ошондо дагы 500 дөй киши өлгөн. Жер титирөөдө Каракол, Токмок, Алматы, Тараз, Ташкент шаарлары да жабыркаган. Жалпы Түркстан боюнча 2 миңден ашуун киши каза тапкан экен. Бул кырсыка Осмон түрктөрү 100 миң сомдон ашуун жардам берген. Ал убактагы акчанын күчүн азыркы менен салыштырып болбойт.

Бул жер титирөөгө Осмон мамлекетинде эки түрдүү жардам кампаниясы жүргөн. Биринчиси Стамбулда татарлар тарабынан ачылган Сырат-ы Мустаким журналы экинчиси Осмон мамлекети муфтияты.

Сырат-ы Мустаким журналы алгачкы жолу 12-январдагы санында жер титирөө тууралуу жазып, элдин жардамга муктаж экендигин, бирок, тилекке каршы туугандарга эч кандай жардам бере албай колду жайып туруп бергендигин баяндап, кейип жазган. Чындыгында жер титирөө тууралуу АКШ, Австарлия, Англия, Франция, Германия, Даниядагы гезиттер кырсыктан бир, эки күн өтпөй эле жазышкан болчу.

Сырат-ы Мустаким журналы бир жума өткөндөн кийин жазып жатса да Осмон мамлекетинде бул тууралуу алгачкы болуп жазган медиа болгон. Журналдын кийинки сандарында дагы элдин абалын, кыйраган үйлөр, суукта калган эл тууралуу «Түркстанда азап» деген ат менен макала жарыяланып турган.

Айрыкча Түрк элдеринин ичинен эң аруу жана динине бекем кыргыздардан көп киши өлдү деп белгилейт. “Италияда жер титиресе Стамбулдуктар жардам жөнөтөт да Түркстанда түрк-мусулман туугандарыбызга эмнеге жардам берилбейт, эмнеге башка ММКлар жазбайт, дүйнөдө 300 млн мусулман бар деп ооз көптүрүп айтып жүргөндөр кайда” деген суроолор менен элдин аң сезимин ойготкон. Дароо уюшулбаганы аралыктын алыстыгынан, кабар ошол замат жетпегендигинен улам болсо керек.

Көп өтпөй бул кабарды окуп калышса керек балким, биринчи жолу жардам Стамбулдун Бешикташ деген районундагы бир орто мектептин окуучулары жана мугалимдеринен келген. Алар колдорунан келишинче акча топтоп, кат жазып журналдын офисине жиберген. Катта “кыргыздарга, Ысык-Көлдө апаатка кабылгандарга боорубуз ооруйт, аларга жардам” деген мазмунда пикир жолдоп, аты жөнүн жазышкан эмес.
Ушундан кийин Сырат-ы Мустаким журналы Асийа-йы Вусута Фелекат-зедеган-ы (Орто Азиядагы кырсык курмандыктарына) деген кутуча ачып, жардамдарды топтой баштаган. Бул кутучага каалаган, айрыкча Германия, Болгария, Греция ж.б, жактагы Осмон офицерлери да жардам жөнөтүшкөн. Берилген жардамдар аты-жөнү, мекемелер менен жазылып журналдын ар санында Орто Азия кырсык курмандыктары деген ат менен июнь айына чейин жарыяланып турган. Февраль башында Йусуф Акчура деген татар түркчү (пантүркист) баштаган адамдар атайын конференция өткөрүшүп, жер титирөө боюнча Стамбул калкына жана Осмон мамлекеттик кызматкерлерине жеткиликтүү маалымат беришкен.

Февраль этегинде болсо Стамбулдагы Кырым Студенттер Коому конференция өткөрүп, жардам топтошкон. Андагы жардам топтоо ыкмаларынын бири бир кишинин шахзаада белек кылган сааты жана бир баланын калпагы акцияга коюлуп сатылган жана түшкөн пайда Түркстанга топтолуп жаткан акчага кошулган. Бул жардам журналдын жазганы боюнча 1911-жылдын июнь айына чейин жүргөн. Айрыкча Фатих лицейи жана Ченгелкөй аскердик мектебинин окуучулары жана мугалимдери да акча топтоп жөнөтүшкөн.
Экинчи кампания Осмон мамлекетинин муфтияты тарабынан жүргүзүлгөн. (Шейхүлислам) атайын Түркстанга Жардам Коммисиясын түзүп, атайын билеттер басылып алар сатылган. Түшкөн пайда Түркстанга жиберилген. Бир гана Стамбулда эмес, өлкөнүн башка шаарлары, четки айыл-кыштактарына чейин билет жөнөтүп жардам топтолгон. Жада калса мамлекеттик мекемелер, чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарда иштегендер жардам беришиптир. Осмон султаны жана ислам халифи 10800 куруш жардам көрстүптүр. Бул жардам жетип жетпегени жөнүндө азырынча так кабар жок. Ташкент, Алматы архивдерин чукулап, изилдөө керек. Андан сырткары жер титирөө тууралуу Танин, Хикмет деген газеталар, Теариф Муслим деген журнал да жазып турушкан.
Бул көрүнүш кыйын күнгө түшкөндө эки эл эзелтен тууган, тектеш эл катары тилетештигин билдиргендигин айгинелейт. Анткени дал ошол убактарда Осмон мамлекетинин башына оор күндөр келгенде кыргыздар Орусиянын курамында болгондугуна карабастан материалдык жана моралдык жардамдарды көргөзгөн учурлар да болгон.

Кыргызстандан жөнөтүлгөн куткаруучулар негизги керек-жарагын, тамак-ашын, кийим кечээсин алып, керек болсо издей турган иттеринен бери ээрчитип алгандарын угуп жүрөк жылыды. Бул оор сыноо да өтөт. Куткаруучуларыбыз колунан келген көмөгүн берип, терин төгүп жардамын көрсөтүп, кайра Ала-Тоого аман-эсен жетип алышсын.

Булак: BBC

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776