7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай 63 миллион сомдук гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшырды

801

Кытай Саламаттыкты сактоо министрлигине 63 миллион сомго гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамда бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, хирургиялык бир жолку стерилденген резина кол каптар, хирургиялык маскалар, медициналык бет каптар, медициналык көз айнектер, бут кийимдин бир жолу колдонулуучу жапкычтары, бир жолу колдонулуучу медициналык халаттар, бир жолу колдонулуучу медициналык баш кийимдер, ИВЛ-аппараттар, ПЦР-системасы камтылган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев КЭР өкмөтүнүн Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы иш-аракетине кошкон зор салымын белгилеп, кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлдеги колдоосу жана коронавирус COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү боюнча милдеттенмеси үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

802