Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов ооруканадан №47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Бикард» клиникасына жаткырылгандан кийин ИК47-түзөтүү колониясына которулган.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Р.Матраимов УКМКнын кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.