Кара-Суулук 52 жаштагы аялдан “Жылаңач түшкөн тасмаңы интернетке жарыялайм” деп опузалап, 3 миң доллар акча талап кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
31-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына арыз менен Кара-Суу ройонунун Шарк айыл аймагынын 52 жаштагы К.К. аттуу аял киши кайрылган. Анда 26-март күнү чала тааныш «М» аттуу жаран арыз ээсинин жылаңач түшкөн видео тасмасы бар экендиги айтып, андан акча опузалаган.
Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
“Шектүү жабырлануучу К.К. менен байланышып, Ош шаарындагы “Каныкей” ресторандын алдында жолугуп, акчаны аларын билдирген. 31-март күнү милиция кызматкерлери жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ош шаарынан кылмышка шектүү болгон “М” аттуу жаранды кармаган. Ал К.Кдан 20 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган”, — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 39 жаштагы Р.С. экендиги аныкталып, кармалган.
Кылмыш иши боюнча далил буюм катары 20 миң сом алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган.
Шектүү опузалап талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.