Ошто ири өлчөмдө жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жана ыкчам маалыматтардын негизинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун Старая Покровка айылынын тургуну 34 жаштагы К.Г. 2000 АКШ долларын бирөөгө берип жаткан жеринен кармалып, К.Г.кармалган.
«Кармалган учурда 20 даана 100 АКШ долларга окшогон акча каражаты табылып алынды. Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын кортундусуна ылайык 20 даана 100АКШ долларындагы купюралар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталды. Шектүү К.Г. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98, 99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.