Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитети Калк жана үй-бүлөнү пландаштыруу мыйзамына өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алды. Түзөтүлгөн мыйзамда жарандар бойго жеткенде никеге турууга жана төрөөгө, үч балалуу болууга уруксат берилери айтылат. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги кабарлайт.
Бийлик ата-энелердин чыгымдарын азайтуу үчүн балалуу жаш үй-бүлөлөргө финансылык, салыктык, камсыздандыруу, билим берүү жана турак жай жеңилдиктерин киргизүүгө милдеттендирилди.
Эске сала кетсек, 1979-жылдан бери Кытайда «Бир үй-бүлө, бир бала» деген ураан астында төрөт көзөмөлү киргизилген. 2013-жылы бийлик үй-бүлөдө жалгыз чоңойгон жубайларга экинчи бала күтүүгө уруксат берген. Ал эми 2015-жылы бардык жубайларга эки балалуу болууга уруксат берилген. Үстүбүздөгү жылдын июль айында өлкө үчүнчү баланын төрөлүшү үчүн айып пулдарды жана башка санкцияларды алып салуу чечимин кабыл алган.