Бүгүн, 21-августта Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекенине барып, эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жусуп Абдрахманов Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында төрөлгөн. Өлкө башчысы жергилктүү аксакалдар менен жолугуп, алдыда өтө турчуу иш чаралар тууралуу айтып берген.
Быйыл, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленет. Жолугушууда мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөөрү айтылды.
Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.