7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай элчилиги кыргызстандыктар үчүн виза алуу тартибин жөнөкөйлөттү

693

Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга виза берүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мындай жыйынтык Тышкы иштер министрлиги кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилгендигин тышкы саясий ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, 17-декабрдан баштап Кытай Эл Республикасынын элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды. Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ишкерлерине, ошондой эле Кытай Эл Республикасына иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган КРнын жарандарына Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Кыргызстандын жарандарынын чакыруусу, ошондой КРнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү, кайрылуусу болгон учурда тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Ошону менен бирге министрлик 7-ноябрдан баштап апостиль болгон учурда Кытай Эл Республикасынын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук легалдаштыруу талап кылынбай турганын эскертет.

Министрлик Кыргызстандын жарандарынын Кытай Эл Республикасына кирүү шарттарын этап этабы менен жеңилдетүүгө даярдыгын оң белгилейт.

694