7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда сел жүрүп, 30 киши каза болду

354

Пекинде катуу жааган жамгырдан улам жүргөн сел 30 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Маалыматка караганда, Чаобай дарыясынын аймагына 24-июлдан бери жааган жамгыр Миюнь суу сактагычындагы суунун көлөмүн соңку 60 жылдан берки эң жогорку деңгээлге жеткирген. Мындан улам Миюнь, Хуайжоу жана Фаншань райондорунан 80 332 адам коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Кытай өкмөтү Пекиндеги бул кырдаалды калыбына келтирүү үчүн 200 миллион юань (27,8 миллион доллар) бөлгөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылы да Пекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан 11 киши каза болуп, 44 миңден ашуун адам жабыркап, жүз миңдеген адамдар эвакуацияланган.

 

355