Бүгүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны А.А. кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул дипломатиялык каналдар аркылуу эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын активдүү жана тыгыз кызматташуусунун натыйжасы мүмкүн болду.
Соттолгон жаранды өткөрүп берүү 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылган.
Кыргызстандын жаранын өткөрүп берүү процедурасына Кытайдын Ганьсу провинциясынын түрмөлөрдү башкаруу башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук кызмат адамы катышты.