7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдагы майрамдарга карата чек арадагы бекеттер жабылат

140

Кытайдагы майрамдарга байланыштуу «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот. Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт.

Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт.

Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.

 

 

141