7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды

421

Ички иштер министрлиги мурда Дөө Чынгыздын уюшкан кылмыштуу тобуна кирген жаран жанында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында жаран 1989-жылы туулган Т.Б. кармалган.

Өздүк кароо учурунда шектүүдөн номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылып алынган.

Учурда кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

422