7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келинген 200 миң долларлык электрондук тамекилердин партиясы табылды

901

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргыз Республикасына алып келип сатуу жана Россия Федерациясына транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен чет элдик жарандан 50 миң доллар талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон Кыргызстандын жараны И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны Э.Н.И. кармалды.

Аталган адамдар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган. Ошол эле учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Жунхай” базарынан аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген, жалпы 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

902