7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта тоноочулукка шектелип үч жаран кармалды

573

Сокулук районунда тоноочулукка шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп телефонун тартып алып из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.

Бул факты Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э., жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалышып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574