7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан келе жаткан 25 тонна картошканын сертификаты жасалма болуп, артка кайтарылды

341

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошканын фитосанитардык сертификаты жасалма экени аныкталып, “Эркечтам” өткөрүү пунктунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аталган факты боюнча, КР «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилген жок жана кайра артка кайтарылды.

Бул иш-аракет «Эркечтам» карантиндик фитосанитардык өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлдү.

342