7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын башчысы Си Цзиньпин аскерлерин согушка даяр болууга буйрук берди

257

Кытай лидери Си Цзиньпин өлкөнүн жогорку аскердик жетекчилигине кайрылып, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө коопсуздук маселелери күчөп жаткан шартта күжүрмөн даярдыкты ар тараптуу күчөтүүнү суранды. Бул тууралуу «South China Morning Post» маалымат булагы жазып чыкты.


Си Цзиньпин Бээжинде Кытай Элдик-Боштондук Армиясынын командирлери менен сүйлөшүп жатып, «Кытай армиясы согушка даяр болуп, өлүм менен кыйынчылыктардан коркпошу керек. Согуштагы жеңиштин ачкычы — чыныгы күжүрмөн даярдыкты күчөтүү. Аскердик даярдык — бул армиянын туруктуу жана борбордук милдети. Бул согуштук натыйжалуулукту жогорулатуунун негизги жолу», — деди ал.


Ошондой эле өлкө башчы Кытайдын аскердик өнүгүүсү жана бүткүл дүйнөлүк кырдаал «жаңы доорго» кадам таштады деп билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын Элдик-боштондук армиясы «дүйнөлүк деңгээлдеги согуштук күчкө» айланышы керек.


Буга чейин Си Цзиньпин өлкөнүн аскер кызматкерлерин акылын жана күчүн согушка даярданууга багыттоого чакырган эле. Ал генералдарга жогорку деңгээлде даярдык көрүп, кынтыксыз толук ишенимдүү армия түзүүнү талап кылды.

Кытайдын башчысынын билдирүүсү Пекин менен башка өлкөлөрдүн, айрыкча АКШ менен Тайвандын ортосундагы чыңалуунун кескин жогорулашынын, ошондой эле коронавирус пандемиясынын жана аймактык талаш-тартыштардын фонунда болду.


Гонконгдук аскер эксперти Лян Гуоляндын айтымында, Кытай армиясы Тоолуу Карабахтагы аскерий кагылышуулардын тажрыйбасын, атап айтканда, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууну изилдеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258