7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайлык дарыгерлер 600 кыргызстандыктын көзүнө бекер операция жасайт

630

Кытайлык дарыгерлер сентябрда 600 кыргызстандыктын көзүнө катаракта боюнча бекер операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукканда айтылды.

Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди. Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасалса, анын ичинен Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кытай тарап аталган медициналык мекемелердин базасында операцияларды жүргүзө турган медициналык адистердин эки тобун жөнөтөт. Мындан тышкары, офтальмология бөлүмү үчүн кароо кабинетин түзүүнү камсыз кылуу максатында Ош облустар аралык бириккен ооруканасы керектүү медициналык жабдууларды бекер алат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631