7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыял» ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды

382

«Кыял» элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын имараттарында мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Кыял” МИнин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышкан. Мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле “Кыял” МИнин коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы такталууда.

Мындан сырткары соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Эскерте кетсек, 2021-жылы «Кыял» базарында өрт чыгып, 17 павильон күйүп кеткен. Чогулган далилдерди эске алуу менен «Кыял» МИнин мурдагы директору, базардын көзөмөлдөөчүсү жана Ж.у.А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалган.

Учурда мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

383