7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды

652

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.

Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин маалымдады.

Андан тышкары, депутат Эмиль Токтошев Курултайдын ыйгарым укуктарына токтолуп: “Улуттук маданиятты өнүктүрүү туурасында да жазылып турат. Анда Маданият министрлиги эмне жумуш кылат? Андыктан ыйгарым укуктарын дагы бир жолу карап, эки жылда бир эле чогулгудай ченем киргизүү кажет”, – деди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, концепциясы жактырылды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653