Бишкекте «Агро экспортёр» форумуна Кыргызстан менен Өзбекстандын 200дөн ашык фермерлери жана ишкерлери катышат. Иш-чара 12-майда Бишкектеги Novotel мейманканасында өтөт.
«АКШ элчилиги журналисттерди айыл чарба продукцияларын экспорттоого жана Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тышкы рынокко чыгуусуна көмөктөшүүгө багытталган «Агро экпортер» форумуна чакырат. Форум АКШ Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен «Предприниматель» ЖЧКсы менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Форумда 200дөн ашык фермерлердин, ишкерлердин жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана Өзбекстандан келген потенциалдуу сатып алуучулар менен түз байланыш түзүү боюнча негизги маселелерди талкуулоо күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын айыл чарба ишканалары В2В жолугушууларынын жүрүшүндө потенциалдуу келишимдерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат»- деп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Бул форум USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Акыркы үч жылда USAID 30дан ашык кыргызстандык компаниялардын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусуна демөөрчүлүк кылып, Өзбекстандан келген өнөктөштөр менен форумдарга жана B2B жолугушууларына катышуу үчүн 100дөн ашык кыргызстандык компанияны тартты. Натыйжада, алар өзбекстандык ишканалар менен байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүштү.
USAIDдин «Агросоода» долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.