7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө Ленинград блокадачысына батир берилди

647

Чүйдүн Аламүдүн районунда Ленинград блокадачысы Валентина Пяткевиченага эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Валентина Пяткевичене оккупацияда эки жыл болуп, 1942-жылы башкалардын арасында Алтай аймагына эвакуацияланып, Кыргызстанга энеси менен 1978-жылы көчүп келген.

«Блокада жылдары менин ден-соолугума катуу таасир этти, мен көпкө чейин ооруп, дээрлик 4 жашка чейин баскан жокмун. 8 жашымда мектепке бардым, 18 жашымда заводго иштедим, өлкөгө жумушчу күч керек болчу. Токарь, жылмалоочу, калыптоочу кесиптерин өздөштүрдүм. 1978-жылы үй-бүлөлүк себептерден улам апам менен Кыргызстанга көчүп келдим, ошондон бери ушул жерде жашайм, 40 жылдан бери жергиликтүү мектепте эмгектенип келем», —деди ал.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Геннадий Нищук Валентина Пяткевиченага батир алуу чечими жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөттүн аппаратынын жалпы жыйынында кабыл алынганын белгилейт. Жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

«Тилекке каршы, биздин облуста согуштун ардагерлери калган жок, ушуга байланыштуу улуу муунга, блокадага таазим кылгыбыз келди. Анын жеке турак-жайы жок, мектепте жашачу, кароолчу болуп иштеген. Айылдык кеңештин жыйынында турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү биргелешип карап, белек кылууну чечтик, батир жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынды», — деди Геннадий Нищук.

Ошондой эле ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине берилчү 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардамды алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648