7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды

627

Бүгүн, 10-майда Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жаңы банкноттор Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата чыгарылды.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628