7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде милиция кызматкерлери сабалды

637

Кечээ, 9-майда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундарынын жеке үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында Ж.Д.нын үйүнүн ичинен 36 кутуда коңшу мамлекеттин аймагынан аткезчилик жол менен алынып келинген акциздик маркасы жок 18 миң пачка тамеки табылган. Жүктүн алдын ала суммасы 1 миллион 800 миң сомду түзөт.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган үйлөрдүн жашоочулары, тинтүү учурунда табылган контрабандалык жүктөрдү жашыруу максатында милиция кызматкерлерине катуу каршылык көрсөтүп, физикалык күч колдонушкан. Натыйжада айрым милиция кызматкерлери ар кандай жеңил дене жаракаттарын алышкан.

Бул факты боюнча Кара-Бак айылынын 3 тургунуна кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638