Быйыл Кыргызстанда “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:
— райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;
— билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Эскерте кетсек, буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.