7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыялбек Урманбетов: «Топ таштай чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?»

1828

Акын Кыялбек Урманбетов 1959-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп, мамлекеттик телерадио комитетинин жаштар редакциясында редактор болуп эмгектенген. Ошондой эле «Кыргызфильм» киностудиясында мультфильмдер боюнча топтун редактору, «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, «Кербез» журналында, «Аргумент» гезитинде редактор болгон. «Махабат жылдызы» аттуу эң биринчи мюзиклди жараткан. Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.

«Коштошуу вальсы»

Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы…

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1829