7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыяс Молдокасымов: Байыркы кытай, байыркы маньчжур, байыркы моңгол тилдерин билген кыргыз адистери керек

522

Профессор, тарыхчы, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов: Жакында Бээжинге барып, алардын борбордук архивинде болуп, кыргыздардын байыркы тарыхы боюнча маалыматтарды дагы бир жолу такташып алдык. Акыркы жылдары кытай тарыхчылары ошол архивдик маалыматтарга таянып, биздин тарых боюнча бир нече макала жазып-жарыялаган, ошолордун он-он бешин биз кыргызчага которуп, жылдын аягына чейин өзүнчө китеп кылып чыгарууга даярданып жатабыз.

Бир топ маалыматтар байыркы кытай тилинде жазылган, ал тилди билген адистер азыр Кытайдын өзүндө да аз, ошондуктан байыркы архивдик материалдарды алгач азыркы кытай тилине, андан соң кыргыз тилине которуу керек болгондуктан, айрым кыйынчылыктар пайда болууда. Негизинен, бизде байыркы кыргыз тарыхынан тышкары, байыркы кытай, байыркы маньчжур жана байыркы моңгол тилдери боюнча дагы өзүбүздүн адистерибиз болууга тийиш

523