7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги селден 5 жашар бала каза болуп, миңдей адам көчүрүлдү

362

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун сел каптап, беш жашар бала көз жумуп, минден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

Түнү менен аймактык Жарандык коргонуу кызматтары селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын жүргүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча 47 турак үй, 113 жер тилке, беш социалдык объект, бир кичи футбол аянтчасын суу каптаган. Мындан тышкары 17 ички чарбалык жол, 2,7 чакырым коргоо тосмо, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампа, бир трансформатор зыян тарткан.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Тилекке каршы, Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болгон. Сел 8 бодо мал менен 42 баш майда жандыкты агызып кеткен.

363