УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кечээ кыргыз-тажик чек арасы тууралуу архивдик материалдар табылганын, эми биз Тажикстан тарапка доомат кое аларыбызды айтты. Бирок, кандай материал табылганы ачык айтылган жок. Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлер боюнча тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун пикирин билдик.
– Буга чейин, эки жыл мурда Камчыбек Кыдыршаевич тарыхчыларды жана башка коомчулуктун өкүлдөрүн чакырып, чек ара боюнча маалыматтарды берип, Тажикстандын чек арасы жөнүндө сөз болгондо биз дагы өзүбүздүн сунушубузду, пикирибизди айттык элек. Тажикстан кийин 1929-жылы Өзбекстандан бөлүнгөндө Өзбекстандын бир топ жерлерин жана Кыргызстандын бир топ жерлерин аларга берүү менен алар өзүнчө республикалык макам алган. Ошондо биздин Жерге-Талдагы, Мургабдагы жерлерибиз дагы Тажикстанга ошол мезгилде кошулуп кеткен. Себеби, аймагын кеңейтип, аларга республика деген макам берүүдө кыргыздар жашаган, Кыргызстанга караган жерлерди берүү менен маселе чечилген. Ал Кыргызстандан алынып кошулган Жерге-Тал, Мургаб өзүнчө ратификациялардан дагы өткөн эмес. Алар бүгүнкү күндө Баткендин, Лейлектин аймагынан жерлерди талашып жатканда, биринчи кезекте Мургаб менен Жерге-Талдын маселесин көтөрсөк, ошондо гана Тажикстан тарап кичине бир аз эсине келет, ушул маселени да жакшылап карап көрүңүз деп сунуш кылдык эле.
Азыр эми жаңы архивдик маалымат табылды деп жатат. Ошол архивдик маалыматтарда балким Лейлектин, Баткендин аркы жагында көмүр чыккан “Шраб” деген да жер болгон. Ал жерде да кыргыздар жашаган жана көмүр кени орун алган жер болгон. Ал жер дагы Тажикстан тарапка кошулуп калган. Анан Жерге-Тал, Мургаб жаңы табылган архивдик материалдарда чыккан. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич кайсы архивдик материалдар экенин ачык белгилеп айта элек.
Бүгүнкү күндө Тажикстан менен чек араны тактап жатканда биздин Мургаб менен Жерге-Талды алардан кадимкидей талаша турган, аларды кайтарып бергиле дей тургандай дооматыбыз бар. Алар биздин чек арабызга, жерлерибизге көз артпай ушул жерлерди кайтарып бергиле деп чек араны аныктап жатканда талап кылышыбыз шарт. Жаңы табылган архивдик маалыматтар кубандырып жатат жана бизде ошол мезгилдеги келишимдерибиз да бар. Тажиктер өздөрүнө ыңгайлуу келишимдер менен чек араны аныктайбыз деп жатышат. Балким андан мурдагы келишимдер, чек ара аныкталган учурларда Кыргызстандын жери аларга өткөндүгү тууралуу маалымат табылганбы деп жатабыз. Ал келечекте эки тараптын чек арасын аныктаганда жакшы архивдик материал болуп берет деп ойлойбуз, – деди Кыяз Молдокасымов.
Булак: Abal.kg