7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыязы, зордуктагысы келди». Жабырлануучу кол салган жарандын видеосун жарыялады (ВИДЕО)

6680

Бишкектин «Аламүдүн-1» кичи районунда белгисиз адам көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирген аялдын артынан аңдып барып сабап, зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу жабырлануучу «BlackList.kg» Instagram баракчасына билдирген.

«Бүгүн таң эрте үйгө келе жаткам, үй Зеленая көчөсүндө жайгашкан. Подъезддин эшиги ачык экен. Үйдүн жашоочулары системалуу түрдө домофонду өчүрө алышат, жана бардык эле адамдар эшикти ача алышат. Подъездге киргенде артымдан бирөө келе жатканын түшүндүм. Ал 35-40 жаштардагы эркек киши болчу, бою болжолдуу түрдө 175 сантиметрди түзөт. Ал мага кол салып, сабап баштады. Кыязы, зордуктагысы келди, бирок мен каршылык көрсөтүп, кыйкыра баштадым. Ал киши коркуп качып кетти. Мен канга боёлгон бойдон үйгө чуркадым, барып дароо полиция чакырдым», — деп жазган ал.

Жабырлануучу көзөмөл камерасынан алынган видеону да жарыялаган. Тасмада анын артынан белгисиз бирөө подъездге кантип кирип, бир канча убакыттан кийин эшиктен чуркап чыкканын көрүүгө болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6681