7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда

422

Өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып, балдар ооруп жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө — 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.

Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда.

Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү.

«Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө балдар топторундагы ооруларды алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору. Демек, бала кездеги пландуу эмдөө калктын башка катмарын кызамыктан коргоого жардам берет. Кызамык — коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун татаалдашы өлүмгө алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423