Билим берүү жана илим министрлиги Караколдо 13 жаштагы баланын өлүмү тууралуу комментарий берди.
Маалыматка караганда, каза болгон бала №3 мектеп-гимназиянын 7-классынын окуучусу болгон. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарына кирчү.
30-октябрда ал сабакка толук катышып, бирок үйүнө барган эмес. Ата-энеси милицияга кайрылган.
“Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнү, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын жансыз денеси табылган.
31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон” – деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.