7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызамык – бул вирус козгогон жугуштуу оору

945

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда кызамык жана кызылча оорусу катталууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ушул жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Бишкек шаары — 8, Жалал-Абад облусу — 2, Ош облусу — 20, Ош шаары — 7, Баткен облусу — 2, Чүй облусу — 2.

«Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда» — деп берилет маалыматта.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Тажикстан – 513 учур, Түркияда – 286 учур, Россия – 233 учур, Казакстан – 75 учур, Британия – 56 учур катталган.

Кызамык – бул вирус козгогон жугуштуу оору. Аталган инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт. Башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, анын ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык абадагы тамчылар аркылуу жугат. Кызамыкты атайын дарылоо жок. Бирок, ооруну алдын алса болот, алдын алуунун натыйжалуу жолдорунун бири бул эмдөө. Өлкөдө профилактикалык эмдөө календарына ылайык, кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балдар үчүн 1 жашта, ревакцинация — 6 жашта жүргүзүлөт .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946