7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыздын ар-намысына шек келтирген маалыматты таратам деп, коркуткан жаран кармалды

451

Бишкекте IT тармагын өздөштүргөн жаран кыздын ар-намысына шек келтирген маалыматты таратам деп коркутуп, шантаж кылып, ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Шаардын тургуну милицияга жылдын башында WhatsApp аркылуу акча каражатын опузалап жаткан белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу милицияга кайрылганга чейин эле, шектүү шантаж жана коркутуу жолу менен бир топ сумманы -200 миң сомду талап кылганы аныкталган. Опузалап талап кылган жаран издерди адаштыруу үчүн бир нече абоненттик номурларды колдонгон жана акча бир нече эсептер аркылуу иштетилип, андан кийин гана анын колуна тийген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу”  менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында опузалап акча талап кылган адамды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Январь айынын ортосунда шектүү жаранга 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылынган сумма жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө акча бир нече эсеп аркылуу өткөнү, андан сырткары өткөн жылдын декабрь айында паспортун жоготкон жарандын маалыматтары колдонулганы аныкталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү аныкталып, ал Нарын облусунун тургуну 1995-жылы туулган Т.К.  кармалды. Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

 

452