7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо конушунда үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотова жаңы үйүнүн кызыл китебин алды

591

Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотова жаңы үйүнүн кызыл китебин колуна алды. Бул тууралуу социалдык баракчасынан бөлүштү.

“Былтыр март айында жашаган үйүбүз бузулуп, төрт балам менен көчөдө калдым. Жолдошумдун жүрөгү кармап ооруканага жатып калды, эки бөлмөлүү жашаган үйүбүздүн таш талканы чыгып жашоого болгон үмүт оту өчүп, эмне кыларды билбей, ыйлап отуруп калдык. Ошондо “Ак-Ордо” конушунун эли колдоо көрсөтүп жардам берип, эл чогулуп байма-бай келип жатты! Үнүбүз өлкө башчысына жетип, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен күтүүсүздөн кирип келгени унутулгус көз ирмем болуп жүрөктө сакталып калды!

Эми кызыл китеп алып менчик укугуна ээ болдук. Үй-бүлөбүз менен өмүр бою ыраазыбыз, биздин жашоо турмушубузга чырак жандырып, жашоого болгон көз карашты өзгөртүп берди! Президенттин тапшырмасы менен бир жарым айдын ичинде беш бөлмөлүү үй курулуп, короо жайдын баарын бүтүрүп берди. Мындай жакшылык эч качан унутулбайт, жүрөктө сактала. Кудайыма миң ирет шүгүр кылам”,- деп жазды Шаболотова.

 

592