7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызмат адамдары үй курулуштарына мыйзамсыз документтерди даярдап жүргөн

742

Көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

“Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” Бишкек филилалынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, шаар куруу жана жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерине атайылап жалган маалыматтарды жана кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкендиги аныкталган.

Аталган кызмат адамдары “А.С” курулуш компаниясынын кызыкчылыктарын көздөп, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди даярдап беришкен.

Курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, шаар куруу ишин башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирилген.

Учурда тергөө амалдары башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

743