Алтынбек Айдаров 17-январга чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 19-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү А.А.Э. карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2022-жылдын 17-январь күнү 22 саат 26 мүнөткө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.
Эске сала кетсек, Алдаяров «Кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалган.