«Эзилип бүттүм» ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Бекжан Темирхан 10-ноябрь күнү жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун кесиптеши ырчы Кызсайкал Кабылова окуя боюнча эскерди.
«Талгар аябай карманып түшкөн экен. Арткы орундукка өтүп калыптыр. Абдан нес абалда экен мен барганда. Ошондо адамдын ар кайсыны сүйлөп калаарын билдим. Бир маалда менин тоюм жөнүндө сурай баштады, кайра Бекжанды сурап коет. Көрсө, баланын мээси чайкалып калыптыр. Кеминге алып бардык, ал жакта эч нерсе кыла алышпайт, Чүйгө которгула дедик. Дарыгерлер үйүнө чыгып кеткен деп туура эмес маалымат берип коюшуптур. Азыр ал кыйналып, ага дарыгерлер эч кимди киргизбейбиз деп аткан учуру. Ошол күнү Бекжан бардык досуна чалып чыгыптыр. Унаасын саткан экен. Тойго барып келели дегенде баары жок дептир. Талгар аябай жакшы бала баарыбыз билебиз, анан ал макул болуп барган»,-деди ал.
(Бул маекти жакындары, кесиптештери «Супер тв» каналына берген)