7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев: «Бийлик өзүнө ылайыктап кабыл алган мыйзамдын келечеги болгон эмес»

426

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталышындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болду.

Иш-чарада сөз эркиндигине байланышкан маселелерди ар тараптуу талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан аймактагы өлкөлөр арасында сөз эркиндигинин деңгээли боюнча ар убак айырмаланып келген. Андыктан бул артыкчылыкты туура пайдаланып, сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экенин унутпашыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле бул багытта демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алуудан мурун бардык тараптардын пикирин угуу максатка ылайык экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Албетте идеалдуу мыйзамдар болбойт. Ар бир мыйзам учурдагы абалды гана эске алып жазылбастан, келечекке да багытталып даярдалышы кажет. Айрыкча бийлик өзүнө ылайыктап кабыл алган мыйзамдын келечеги болгон эмес, тескерисинче терс таасирин тийгизген. Буга байланыштуу демилгеленген долбоорлор боюнча бардык кызыкдар тараптардын пикирин угууга даярбыз”, – деди.

Муну менен катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдардын маани-маңызына токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы коомду алдыга сүрөй турган позитивдүү маалыматтарды көбөйтүүнүн зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, жыйында эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү да сөз сүйлөп Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана аны келечеги боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Адилет” укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

427