Баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандан Кыргызстандын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Тактап айтканда, 14-ноябрда “Чоң-Капка унаа жол” постунда Кыргызстандын жараны А.Б.А. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “02 KG 314 ABR” мамлекеттик номуру жүк ташуучу унаа кармалган.
Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.
Учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.