Сузакта дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айнура Ирисалиева изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, 2004-жылы туулган Айнура Ирисалиева ушул жылдын 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Сузак районунун Таран-Базар айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 160-165 см, ак жуумал, кашы, көзү кара, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак түстөгү жоолук, кара түстөгү узун плащ, сары түстөгү узун көйнөк, кара түстөгү галош.
«Дайынсыз болуп жаткан Ирисалиева Айнура Руслановна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюуну өтүнөбүз: 102, (03722) 7 39 90, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70», — деп берилет маалыматта.