Дүйнө жүзү боюнча калктын саны 8 миллиардга жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайты жазып чыкты.
Буга чейин, БУУ жер шаарында калктын саны 8 миллиардга 15-ноябрь күнү жетет деп билдирген.
БУУнун маалыматы боюнча, “Дүйнө калкын 1 миллиардга көбөйүү үчүн 12 жыл керек болгон, ал эми адамзат 9 миллиардга жетиш үчүн болжол менен 15 жыл керек. Бул дүйнө жүзүндөгү калктын өсүүсүн басаңдагандыгын билдирет”,- деп берилет маалыматта.