7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сириядагы лагерлерде кармалган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды

378

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 15-ноябрда Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы Карлос Батайас менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сирия Араб Республикасынын (САР) лагерлеринде кармалып турган Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов Карлос Батайаска 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон окуялар жана аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү маселелери тууралуу маалымат берди. Кыргыз тарап чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бардык маселелерди тынчтык, дипломатиялык жол менен гана чечүү ниетин ырастады. Ошондой эле ал Баткен облусундагы жабыркаган үй-бүлөлөргө каржылык жана материалдык жардам көрсөткөн ЭКККга ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Сириядагы лагерлерден биздин жарандарды мекенине кайтаруу, аларга психологиялык, социалдык жана медициналык жардам көрсөтүү, андан ары коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар айтылды. Кыргыз тараптын Кыргыз Республикасындагы ЭККК тарабынан гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүүнү күчөтүү боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде ЭКККнын өкүлдөрү кыргыз тарапка Сирия лагерлериндеги жарандарын жана жетим калган балдарын кайтарып берүү боюнча ар тараптуу умтулуусу жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдиришти.

Карлос Батайас кыргыз тарапты Кыргыз Республикасындагы ЭККК мындан ары да мамлекеттик органдарга жана репатрианттарга алардын коомго көнүү жана жуурулушуусу үчүн гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтөрүн ишендирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

379