7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл килем жана түрк кино жылдыздары — Бишкекте түрк кино жумалыгы өтөт!

420

Ушул жылдын 4–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максатында “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” иш-чарасы өткөрүлөт.

Бул маданий иш-чара Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары — белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч жана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болушат.

Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы — “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмин да көрө алышат.

Көрсөтүүлөрдүн программасы:

• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – реж. Мурат Фыратоглу

• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – реж. Хакан Куршун

• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – реж. Өзер Фейзиоглу

• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – реж. Кенан Акташын

• 8-сентябрь: “Эрке” – реж. Онур Үнлү Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.

Иш-чара боюнча толук маалымат Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын @kyrgyzfilm.kg расмий инстаграмм баракчасында жарыяланып турат.

 

421