7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл китепке кирген балыктарды мыйзамсыз кармашкан

1213

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган жаран кармалды.

Облустук милициядан билдиргендей, кармалган жарандан желим кайык, узундугу 320 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 39 даана мыйзамсыз кармалган балык табылып алынган.

«Алынган балыктардын арасында 10 даана «Сазан» балыгы, 9 даана «Карась» балыгы, 5 даана «Чабак» балыгы бар экен. Ошондой эле, КРнын Кызыл китебине кирген «Ысык-Көл ак балыгына» болжолдуу 15 даана балыгын алышты», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт электрондук журналга катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алынган балыктардын түрлөрүн жана келтирилген зыянды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга да жөнөтүлдү.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1214