Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атып, изин жашырып кеткен жарандын башка дагы кылмышы аныкталып, ал Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
25-октябрь күнү саат 02:15тер чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 32 жаштагы жаран менен 27 жаштагы жарандын ортосунда ызы-чуу чыгып, алардын бири экинчисин жанындагы куралы менен атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.
Ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагына кирип кеткендиги маалым болгон. Андан кийин Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов менен Согди облустук милициясынын башчысы Абдулло Навджувоновтун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде издөөдө жүргөндөр Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп алынды.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 25-октябрда Ош шаардык милициясына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, аны опузалап, унаасын, 10 миң сом акчасын тартып алган шектүүлөргө чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыздануучуну опузалаган 8 адамдын ичинде жогорудагы кылмышка шектүү дагы болгон.
Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө уланууда.