7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыяда үй-жайы жок жарандар реабилитациялык борборго жеткирилүүдө

635

Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгардуу суукка байланыштуу «Селсаяк» аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Бул иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө.

Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, аныкталган тилемчилик менен күн өткөргөн адамдарга, селсаяктарга ысык чай беришип, аларды «Шанс каждому» реабилитациялык борборуна камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636